• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда өткөн фестивалда "Ибарат" фольклордук ансамбли жеңүүчү аталды

Маданият 0

Бишкек, 15.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өзбекстанда кесиптик ансамбль жана оркестрлер арасында өткөн фестивалда Жумамүдүн Шералиев атындагы №6 балдар искусство мектебинде окуган "Ибарат" фольклордук ансамбли жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чара алгачкы жолу Өзбекстандын Маргалаң шаарында 11-13-июль күндөрү болуп өткөн. Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль 2 жылда бир жай айларында өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, "Ибарат" фольклордук ансамбли 2017-жылы өткөн "Жаш таланттар – 2017" шаардык сынакта "Кыргыз эл аспаптары" номинациясында баш байге алышкан. Ошол эле жылы Алматыда өткөн "Гумырдария" эл аралык конкурсунда да баш байгелүү болушкан.

2018-жылы Астанада болгон "Борубай Саммер Фест" эл аралык фестивалында 2-орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий