• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбекстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери 12 млн сумдан сыйакы алышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери 12 млн сумдан (1150 доллар) бир жолку акчалай сыйакы алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 20-апрелде кол койду.

Анда мындай чечим «жеңиштин 76 жылдыгына карата согуштун ардагерлерин куттуктоо жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү» максатында кабыл алынганы жазылган.

Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга 9-майда карантин эрежелерин сактоо менен Ата Мекенди коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды, маданий-агартуу кечелерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жарлыкты ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий