• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстандын калкынын саны 36,1 миллиондон ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.04.23./Кабар/. 2023-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын калкынын саны 36 млн 197 миң 781 адамды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика боюнча агенттиги билдирет.

Калктын жалпы санынан 18 млн 459 миң 763 адам шаарларда, 17 млн 738 миң 18 адам айыл жеринде жашайт.

Анын ичинен аялдардын саны 17 млн 981 миң 152 болсо, эркектердин саны 18 млн 216 миң 629у түзөт.

Эксперттердин пикиринде, Өзбекстандын калкынын саны 2035-жылга чейин 45 миллионго жетет.

Пикир

Оставить комментарий