• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын премьери Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго Орозо айт майрамына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөткөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо катында кылымдар бою аздектелип келген Орозо айт майрамы мындан ары да элдерибиздин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылаары белгиленген.

«Биздин ырааттуу аракеттерибиз менен өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу жана келечектүү мамилелер мындан ары да кеңейтилет. Сизге – чың ден соолук, ишиңизге ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик, үзгүлтүксүз өнүгүүнү жана бакубаттуулукту каалайм», - деп айтылат Өзбекстандын премьер-министринин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий