• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстан картошканын баасы боюнча бир пикирге келе элек

Экономика 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын картошка өндүрүүчүлөрү менен Өзбекстандын ишкерлери картошканын баасы боюнча бир пикирге келише элек. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 2-ноябрында Кыргызстандын картошка өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү менен Өзбекстандын ишкерлери ортосунда сүйлөшүүлөр болгон. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз картошкасынын баасы боюнча бир пикирге келише алган эмес. Өзбекстанга картошканы сатуу боюнча эч кандай чектөө жок. Маселенин баары анын баасы менен кирешелүүлүгүнө барып такалууда.

Сentralasian.org сайты өзбек өкмөтүндөгү өз булактарына таянып, өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышканын жазган.

"Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттоо каалоосун билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат", — деп билдиришти булактар.

Азыркы учурда Өзбекстан Кыргызстандан картошканы импорттоо боюнча 73 компанияны бекитип, 145 миң тоннага квота берген.

Министрликтин жана "Эксперт Маркет" ЖЧКсы компаниясынын, "Кыргыз Лэнд" импорт жана экспортчулар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен Түркмөнстанга 60 миң тонна картошка сатуу макулдашылган. Учурда ал жакка Ысык-Көлдүн картошкасынын алгачкы 44 тоннасы жеткирилген.

Азыркы тапта картошка Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстанга аз-аздан ташылууда. 2019-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда экспортко кете турган картошка жалпы 70 миң тонна көлөмүндө калган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргызстанда картошканын түшүмү 144,6 миң тоннаны түзгөн. Ал 2017-жылга караганда 30,6 миң тоннага көп болгон. 2017-жылы картошка 83 миң гектарга айдалса, 2018-жылы 84,4 миң гектарга айдалган.

Пикир

Оставить комментарий