• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал учурунда “балага сүйүнчү” албай калган ата-энелер арыз бере алат - Мамкаттоо

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Өзгөчө абал режиминин учурунда “балага сүйүнчү” албай калган ата-энелер арыздарын бере алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин убактылуу токтоткон Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактардагы бөлүмдөрү ушул жылдын 21-майынан тартып иштеп башташты.

Аргасыз изоляция учурунда, өзгөчө абал киргизилген аймактардагы ата-энелер жаңы төрөлгөн балдардын туулгандыгын каттоо жана бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөсүн чектөө үчүн арыз менен өз убагында кайрыла алышкан эмес. Буга байланыштуу КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөнү чектөөгө арыз, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөөгө кайрылуунун жана чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарды эске алуу менен кабыл алынаарын билдирет", - деп баса белгилешти Мамкаттоодон.

Ошентип, ЖААКККПнын бөлүмдөрү өзгөчө абал учурунда жашы 6 айга толгон балдардын ата-энелеринен «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн чектөө боюнча арызын эч кандай чектөөлөрсүз кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий