• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Калуга шаарынын ортосунда түз аба каттамдары ачылат

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. 8-июндан тартып Бишкек жана Оштон Калуга шаарына түз учактар каттай баштайт. Бул тууралуу Калуга аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Бишкектен учкан каттам Калуга шаарына шейшемби күндөрү саат 6:25те, Оштон учкандар ошол эле күндөрү 19:45те конот.

Ал эми Калугадан учкан учактар Ошко бейшемби күндөрү саат 09:05те конот.

Каттамдар 26-октябрга чейин аткарылат.

Жүргүнчүлөрдү 220 орундуу Airbus A321 учактары ташыйт.

Пикир

Оставить комментарий