• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан: Гимнди укканда ордунда туруп калган мектеп окуучулары – видео

Коом 0


Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Социалдык тармактарда мектеп окуучулары Кыргызстандын гимни жаңырганда ордунда туруп, ал аяктагыча колун жүрөгүнө коюп турган видео тарады.

Ал видеону социалдык тармактардын колдонуучулары жактырып, өз пикирлерин калтырышууда. Көбүнө гимнди сыйлаган окуучулар жаккан.

Бир колдонуучу "Азаматтар, мектепте берген тарбия " деп жазган.

Дагы бир колдонуучу "Мектепте тартип ушудай. Мен ал жерде окуйм", - деп жазат.

Видео качан, кайсыл жерде тартылганы белгисиз. Бирок социалдык тармактарда бул №4 мектеп-гимназиясы экенин айтылууда.

Видеону Айпери Шамшиева аттуу жаран өзүнүн Facebook'дагы баракчасында бөлүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий