• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте асыл тукум жылкылардын көргөзмөсү жана аукциону өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. 16-декабрда Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында адистештирилген "Кыргыз Тулпарлары" көргөзмөсү жана жылкы аукциону өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты Кыргызстандын чарбаларында өстүрүлгөн асыл тукум жылкылардын деңгээлин баалоо, тажрыйба алмашуу жана машыктыруучу курамдын спорттук ат чабыш маданиятын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле атамекендик селекциядагы жылкыларды популяризациялоо, аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана кыргыз фермерлерине, малчыларына жылкы сатууга жардам берүү болуп саналат.

Анын алкагында асыл тукум жылкыларды багуу менен алектенген саяпкелерди сыйлоо аземи өтөт.

Пикир

Оставить комментарий