• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогулдагы Арал постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда саат 15:15тен тарта Бишкек - Ош унаа жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө унаа жолдогу жасалма тыгындарды болтурбоо максатында коюлду жана аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин уланат.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий