• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин жолдоруна үч күндө 500 тоннадан ашуун туз чачылды

Коом 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектин жолдорун кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга себилген.

"Көчөлөргө 39 атайын техника - МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен Беларусь трактору, 5 "УКМ-2500" универсалдуу коммуналдык унаа чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Аялдамалардан жана тротуарлардан карды тазалоого 649 тазалоочу, 116 жүктөөчү унаалар менен чыкты.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардыктарды жол коопсуздугун сактоодо этият болууга жана кызматташууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий