• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-майда өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аскаров иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Чок-Тал айыл аймагындагы Чоң-Сары-Ой айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Күйгөн-Кашар участогундагы алдын алуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күнгө чейин сел өтүүчү каналын казуу иштери 80% аяктаган, натыйжада 20 турак үй имараттары, айдоо аянттары, көрүстөн жана ички чарбалык жолдор суу ташкыны коркунучунан корголгон.

Андан соң министр Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Тогуз-Булак айылындагы каналдын абалы менен таанышып, сел өтүүчү каналды аягына чейин куруу маселесин жеринде талкуулады. 2018-жылы 1277 метр, 2019-жылы 285 метр курулган. Иш мерчемдин негизинде бул жылы 536 метр курулуш жүргүзүлөт. Тогуз-Булак каналынын жалпы узундугу 1816 метрди түзөт. Бул канал 150 үйдү, 30 кафени, 5 банкты, дүкөндөрдү жана "Рух-Ордо" маданий борборун селден сактайт.

Бул каналдын курулушун улантуу үчүн буга чейин курулуп калган коммуналдык, суу жана башка тармактардын маселелерин чечүү керек. Министр Замирбек Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиевге ушул аймактын мындан аркы иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тез арада бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий