• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы Нефтяников көчөсү оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Нефтяников көчөсүнүн 220 метр аралыгына асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш ишин Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгы жүргүзүп жатат.

Курулуштун жүрүшү менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер таанышып, жолду сапаттуу кылып бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Аталган көчө чуңкурларга толуп шаар тургундары менен айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген.

Пикир

Оставить комментарий