• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки саатта 14 эреже бузуу катталып, 26 миң сом айып салынды. Бишкекте “Пешеход” рейди өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы авто мектептердин курсанттарынын катышуусунда “Пешеход” рейдин өткөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддин башкы максатын жөө жүргүнчүлөр катышкан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ага жол бербөө жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жаткан авто мектептердин курсанттарына жол эрежелерин практика жүзүндө көрсөтүү болгон.

Эки сааттын ичинде 14 жол эрежелерин бузуу катталып, жалпы 26 миң сом айыппул салынган.

"Алардын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон 8 айдоочу, ал эми көрсөтүлгөн жөө өтмөктөн өтпөй, чоң жолду кесип өткөн 6 жөө жүргүнчүгө Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин 123-1-беренесинин 2-бөлүгү жана 125-1-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык протоколдор толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылта билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий