• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз-кыш мезгилинде өрттүн чыгышын алдын алуу эрежелери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз-кыш мезгилинде өрт чыгуу коркунучу артарын билдирип, өрттүн чыгышын алдын алуу эрежелери тууралуу айтып берди.

Министрликтен билдиришкендей, адистердин айтымында күз-кыш мезгилинде өрттүн басымдуу бөлүгү турак-жай үйлөрдө катталат. Өрттүн себеби өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан болууда.

Мындан улам, министрликтин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын адистери кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

- от жагуучу мезгилге чейин мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек, бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;

- бузук электр орнотмолорун (розетка, вилка ж.б.) колдонбоңуздар;

- колго жасалган электр жылыткычтарды колдонгонго болбойт;

- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө сактаганга болбойт;

- балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

- иштеп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабаңыздар;

- электр жылыткычтарды күйө турган эмерек ж.б. буюмдарга жакын койбоңуздар;

- тамеки чегүүдө өрт коопсуздугун эске алыңыз.

"Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн эрежелерин сактоо менен, Сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү, адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусунун алдын алган болосуз. Өрт чыккан учурда 101, 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий