• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өспүрүм кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жаштагы А.О. аттуу өспүрүм кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий