• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖӨБЭММА башчысы Салиевдин Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Бахтияр Салиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Салиевдин куттуктоо сөзү:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктаймын!

Мамлекетибиздин Эгемендүүлүккө ээ болгону, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун киргизип, айтылып келген чөлкөмдө алдыңкы сапта иш жүргүзүп, ушул багытта тажрыйбасын кеңейтип келүүдө. Азыркы күндөрдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму мезгилдин талаптарына жооп берип, калкка толук кандуу кызмат көргөзүп келет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан да колдоого алынып, 2020-жыл – региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Аталган жарлыкка ылайык региондордун өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, аймактарды санариптештирүү процесси активдүү жүрүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутуму өнүгүү багытында бара жаткандыгын айыл өкмөттөрдүн жана шаар мэрияларынын КОВИД-19 илдетине каршы туруусундагы активдүү жүргүзгөн иш-аракеттери менен көргөзө алды

Андыктан, шаар мэрлерине, айыл өкмөт башчыларына, жергиликтүү кеңештерге жана бардык муниципалдык кызматкерлерине мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу кесиптештер, Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Б.У.Салиев

Пикир

Оставить комментарий