• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Таластагы Калба айыл өкмөтүнүн COVID-19 илдетин алдын алуудагы иш-аракеттери

Аймак 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Калба айыл өкмөтү да коронавирус илдетин жайылтпоо максатында бир катар иш-чараларды жүргүзүп келүүдө. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Калба айыл өкмөтүнүн демилгеси менен атайын жабдыктары менен 3 стационар ачылып, жарандардын акысыз дарылоосун камсыз кылып келет. Стационарларда 10 медициналык кызматкер кызмат көргөзүп, оорулууларды дарылоодо.

Айыл өкмөтүнө илдет менен күрөшүү максатында, айыл тургундары да жардамын берүүдө. Мисалга алсак, А.Огонбаев айылынын жеке ишкерлери тарабынан 100 000 миң сомго А.Огонбаев айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна керектүү дары–дармектер, жууркан-төшөк, тепловизор алынып берилди. Андан сырткары, А.Огонбаев айылынын АКШда иштеп эмгектенип жүргөн мигрант уул-кыздары 1 800 доллар акча каражат топтошуп дары-дармек, муздаткыч, бир даана компьютер алып беришти.

Ошондой эле жеке ишкерлер Б.Тагаев 70 000 сомго концентратор, А.Адигинеев кир жуугуч машина, М.Укубаев дары-дармек, стационарга керектелүүчү жабдык түрүндө жардам көргөзүштү.

Калба айыл өкмөтүнүн кызматкерлери калк арасында беткап тагынуунун зарылдыгы тууралуу жана оорунун алдын алуу жолдору жөнүндө түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий