• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жол эреженин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жол эреженин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү социалдык сайттарда таш, кыш жана башка оор жүктөрдү ташыган жүк ташуучу унаалар жол коопсуздук эрежелерин толук сактабай башка жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч туудурган видео материалдар көп катталууда.

Милициянын кайгуул кызматкерлери жүк ташыган унаалардын айдоочуларына жеринен түшүндүрүү жана эскертүү иш-чараларын жүргүзүп, төмөнкү эрежелер эске алынуусун эскертишти.

-Ташылган жүктүн салмагы өндүрүүчү тарабынан ушул унаа үчүн белгиленген нормадан ашпашы керек;

-Унаа ордунан жылганга чейин жана кыймыл учурунда айдоочу жүктүн кыймылына тоскоол болуп, түшүп кетпеши үчүн анын жайгашышын, бекитилишин жана абалын көзөмөлдөөгө милдеттүү;

-Жүктөлгөн жүк башкарууну татаалдаштырбайт жана унаанын туруктуулугун бузбоого тийиш;

-Жүктөлгөн жүк тышкы жарык берүүчү шаймандарды жана чагылдыргычтарды, каттоо жана идентификация белгилерин жабып калбашы шарт. Ошондой эле кол сигналдарын кабыл алууга тоскоол болбоосу керек;

-Ызы-чуу жаратпоосу, чаң чыгарбоосу, жолду жана айлана-чөйрөнү булгабоосу шарт;

-Унаанын алдындагы же артындагы габариттик чектерден 1 метр ашык же капталга 0,4 метрден ашык чыгып турган унаа токтоочу жарыктын сырткы четинен "Өлчөмдүү жүк" идентификациялык белгилери менен белгилениши керек.

Ал эми түнкүсүн жана жетишсиз көрүнүү шарттарында алдыңкы жакта фонарь же ак түстөгү чагылдыргыч, арткы жакта кызыл түстөгү фонарь же чагылдыргыч болуусу шарт.

Ошондой эле жогорудагы эскертмени эске алуу менен жүк ташуу эрежелерин бузган учурда Бузуулар тууралуу кодексинин 123-1-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынаары эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий