• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы депутат Шералы Абдылдаев парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш жыйынында «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Шералы Абдылдаев ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Парламенттик расмий сайтында маалымдалгандай, ал депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов Шералы Абдылдаевди жалпы депутаттардын атынан эл өкүлү болушу менен куттуктап, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий