• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 Кыргызстанда. Парламенттин жыйынында депутаттар бир топ маселени айтып чыгышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев шаарга кире бериш жерлердеги санитардык посттор тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттын пикири боюнча, алар жолдо чоң кезек күтүүлөрдү пайда кылууда.

"Азыр ал посттордун эмне кереги бар? Алар эмнени көзөмөлдөйт? Санитардык кызматтар андан көрө, жабык имараттардын ичин, коомдук тамактануу жайларын көзөмөлдөөгө тийиш”- деди депутат.

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов "Токтогул" суу сактагычындагы суунун көлөмүнө токтолуп: "Биз коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алып, сууну бекер берип койгонубуз туура эмес. Андан тышкары, суу сактагычка канча суу кирип, канча куб суу чыкканы боюнча так маалымат берип тургула",- деди.

Андан тышкары, депутат Таабалды Тиллаев Өкмөттү керектүү каражат маселесин чечүү менен коомдук уюмдардын да жардамын пайдаланып, чет мамлекеттердеги өзгөчө оор абалдагы оорулуу мекендештирибизди алып келүүгө чакырды.

Ошондой эле азык - түлүктүн, өзгөчө ундун баасы боюнча маселени депутат Марлен Маматалиев көтөрүп: "Ундун баасы жыл башында 1300 сомдун тегерегинде эле. Кийин 1600-1700 сомго чейин көтөрүлдү. Азыр ажиотаж жок, күйүүчү, майлоочу майлардын баасы түштү. Бирок, ундун баасы ошол бойдон калды" - деди. Эл өкүлү монополияга каршы комитетке тапшырма берип, бул маселени чечүүнү талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий