• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: Учурда Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 адам менен бир учакта учуп келген 141 (жалпы 144, алардын экөө өлкөдөн чыгып кеткен) адам ким менен байланышта болгону ж.б. такталып жатат. Андан кийин анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат.

"Кимдер менен аралашып жүргөн, ареалы канчага чейин жайылганын билели", - деп, ал учурда өзгөчө кырдаал киргизүүгө негиз жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий