• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК жыйыны Дача-СУДагы учак кыйроосунун 1 жылдыгына байланыштуу эскерүү мүнөтү менен башталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйыны Бишкектин аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ айылындагы Boeing -747” учагынын кыйроосунун бир жылдыгына байланыштуу эскерүү мүнөтү менен башталды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача-СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жарандары каза болгон. 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий