• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы кайгуул милициясына сынактык тандоо катаал болот

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кайрадан түзүлүп жаткан жаңы патрулдук милицияга тандоо боюнча сынактык комиссияга документтерди милиция кызматкерлери гана тапшыра алат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн "Автоинспекциянын кезектеги реформасы - КРнын жолдорундагы коопсуздук тууралуу" аталышындагы тегерек үстөлдө ички иштер бөлүмүнүн бөлүктөрүн реформалоо бонча жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, штатты кыскартууну жүргүзүү тобокелдүү болот, себеби милиция кызматкерлери жетишпейт. Буга байланыштуу бирдиктерди көбөйтүү чечими кабыл алынды.

"Бүгүнкү баскычта патрулдук-посттук кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин бириктирүүнүн эсебинен кызматкерлердин саны көбөйөт. Долбоордун жүрүшүндө штаттык жумушчулардын саны маселеси каралат", - деди Ибраимов.

Пикир

Оставить комментарий