• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну кошумча билим булагы катары киргизүү пландалууда

Билим 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну окуучуларга кошумча билим булагы катары киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен өткөн кезектеги онлайн конференциянын жүрүшүндө билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

undefined

Маалыматка ылайык, жыйында дистанттык окутуунун жүрүшү тууралуу сөз болгон.

"Каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактарды сунуш кылабыз. Көп тилдүүлүк боюнча, IT технология боюнча жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстарды иштеп чыгабыз деген максатыбыз бар” – деп кошумчалаган министр Исаков.

Пикир

Оставить комментарий