• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуу төлөмдөрү боюнча маселени ар бир ЖОЖдун ичиндеги комиссия карап чыгуусу зарыл - Өмүров

Билим 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Контракттарды төлөө боюнча маселелерди ар бир ЖОЖдун ичиндеги комиссия кароосу керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги ЖОЖдорго контракттарды төлөө боюнча маселени карап чыгууну тапшырды. “Бизге азыркы убакта окуу төлөмдөрү (контракттар) тууралуу көптөгөн суроолор тушүүдө. Ал жаатта министрлик тарабынан да иш-чаралар жүрүүдө”, - деди ал.

“Ар бир окуу жайы студент менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат. Бул маселени окуу жайы өзүнүн ичиндеги комиссияларынын негизинде карап, ошол студенттердин мүмкүнчүлүгүнө жараша окууга төлөнчү контракттык ченемдерин кийинки убакка жылдырууну чечүүсү зарыл”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, азыркы убакта студенттер аралыктан окууда.

Пикир

Оставить комментарий