• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы окуу жылында кесиптик орто окуу жайларында 4,1 миң бюджеттик орун берилет

Билим 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына кабыл алуу үчүн 4 миң 131 бюджеттик орун бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-апрелде министрлер кабинетинин “2023-2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмесин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Азыркы учурда республикада 154 кесиптик орто окуу жайы бар, анын ичинен 48 мамлекеттик кесиптик орто окуу жайы республикалык бюджеттен каржыланат.

Иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалыматы боюнча, көбүнчө өнөр жай, тоо-кен өндүрүү өнөр жайы, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына адистердин жетишсиздиги аныкталган.

Экономиканын башка тармактары боюнча орундарды бөлүштүрүүдө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 2023-2027 жылдар аралыгында кадрларга муктаждыктар боюнча берген маалыматтары, орто кесиптик окуу жайлар менен иш берүүчүлөр ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны эсепке алынды.

Министрликтер боюнча бөлүштүрүү:

- Билим берүү жана илим министрлиги - 2 301 бюджеттик орун;

- Саламаттык сактоо министрлиги - 1 335 бюджеттик орун;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 435 бюджеттик орун;

- Транспорт жана коммуникация министрлиги - 60 бюджеттик орун.

Пикир

Оставить комментарий