• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жакында Кыргызстанда күн нурунан электр энергия алуучу станциянын курулушу башталат

Коом 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диас менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар буга чейинки түзүлгөн келишимдин алкагында 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин карашты.

Учурда аталган долбоор боюнча күн станциясын Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарына жайгаштыруу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Жолугушууда долбоордун техникалык параметрлерин изилдөө үчүн ушул жылдын май айынын ортосунда компаниянын техникалык адистери Кыргызстанга келээри айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Абу-Даби өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде Masdar компаниясы 4 ай изилдөө иштерин жүргүзүшмөк. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт. План боюнча станция 2025-жылы колдонууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий