• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакында “Түндүк” тиркемесинде нике жана ажырашуу күбөлүктөрү жеткиликтүү болот

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде никелешүү жана ажырашуу күбөлүктөрү жеткиликтүү болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов билдирди.

“Учурда маселенин үстүндө иштеп жатабыз, жакынкы арада тиркемеде дагы эки санариптик документ пайда болот”, - деди ал.

Аманатов кошумчалагандай, санариптик документтерди ишке киргизүү боюнча иштер башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

“Түндүк” маалымат системасы маалыматтарды сактабайт, ал маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана жарандардын пайдалануусу үчүн аянтча катары иштейт. Башкача айтканда, системада маалымат базалары сакталбайт. Буга ылайык, санариптик документтерди иштеп чыгууда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш жүргүзүлүп, алардын даярдыгы санариптик документтерди ишке киргизүү процессинде да чоң мааниге ээ”, - деди ал.

Аманатов белгилегендей, үйлөнүү жана ажырашуу жөнүндө күбөлүктөрдүн санариптештирилген түрү ишке киргизилген соң, пенциялык китепче жана жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу дипломду санариптештирүүнү иштеп чыгуу боюнча иштер башталат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрында жаңыланган "Түндүк" мобилдик тиркемесинде “Санариптик документтер” бөлүмү ишке киргизилген. Тактап айтканда, ал жактан паспорт, айдоочулук күбөлүк жана унаанын техникалык паспортунун санариптештирилген түрүн жүктөп алууга болот.

Кийинчерээк, 2022-жылдын декабрында КР министрлер кабинети санариптик документтерди кагаз документтердей эле юридикалык мааниге ээ деп тааныган.

Ал эми 2023-жылдын апрелинде "Түндүк" мобилдик тиркемесинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн электрондук форматы пайда болгон.

Белгилей кетсек, санариптик документтерди колдонуу үчүн адегенде булуттагы электрондук кол тамганы алуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий