• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакынкы жылдары кайсы мамлекеттик кызматтын баалары арзандайт же кымбаттайт?

Экономика 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги "Кабар" агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда жакынкы жылдары мамлекеттик кызматтардын бааларын теңдөө боюнча пландары тууралуу айтып беришти.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков билдиргендей, учурда паспорт алуу кызматынын баалары арзандаган. Мурда ID-паспорттун баасы 290 сом болсо, азыр 260 сомду түзөт.

"Керектөөчү менен кызмат көрсөткөн орган, субъекттер ортосундагы тең салмактуулукту сактоо биздин башкы милдеттерибиздин бири. Учурда саламаттык сактоо, башкача айтканда медициналык кызмат тармагында мониторинг жүргүзүп жатабыз. Бааны кантип теңдөөнү – арзандатуу же жогорулатууну анализдин жыйынтыгы көрсөтөт", - деди ал.

Ал мониторинг Онкология, улуттук дарылоо, үй-бүлөлүк медицина борбору, Дары-дармек жана медициналык техника департаменти жана башка мамлекеттик мекемелерде жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий