• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жал-29 кичирайонунда бала бакчанын курулуш иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бишкектин Жал-29 кичирайонунда бала бакчанын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда фундаментти толтуруу иштери менен катар көрктөндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бир жума ичинде тыгыздоо иштери аяктайт.

Белгилей кетсек, мектептке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Жер участогунун аянты 1,8 гектарды, ал эми имараттын аянты 1484 чарчы метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий