• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Себеби

Коом 0


Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад — Балыкчы альтернативдик унаа жолунун 63-чакырымында жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде күн мурун катуу жааган жамгырдан улам жолго көчкү түшүп, унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилген.

"Азыркы учурда жолдордуу тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринен иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий