• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэриясынын "Алтын балалык" лагеринде 150 бала акысыз эс алат

Аймак 0

Бишкек, 03.07.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын "Алтын балалык" лагеринде 150 бала акысыз эс алат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Сузак районунун Кара-Алма айылында жайгашкан "Алтын балалык" лагеринде Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркагандардын, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдары эс алат.

"Алардын алгачкы бөлүгү учурда лагерде эс алып жатат", - деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, аталган лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана балдардын тамак-ашы үчүн Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен жыл сайын акча каражаты бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий