• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов “Жибек жолу” муниципалдык аймагына барды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Жибек жолу” (мурдагы Амир-Тимур) муниципалдык аймактык башкармалыгын кыдырып, анын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Мында Жумабаев, Шолохов, Шарипов, С.Айни, Ю.Гагарин көчөлөрүндөгү ички жолдорду оңдоп-түзөө, тротуарларды куруу, суу, газ менен камсыздоо жана суу насосун оңдоо боюнча негизги маселелерге көңүл бурулду.

Жыйынтыгында айтылган бардык маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга маселелерди көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде чечүү, карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий