• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Бишкекке жакын жерде 19-мартта болжол менен саат 21:05те жер титиреди.

Социалдык тармактын колдонуучулары жер бир силкип токтогонун жазышууда.

Бирок азырынча Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана КР Сейсмология институту расмий маалымат тарата элек.

Ал эми Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 магнитудага жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 48 чакырым түштүктө жана Алматыдан 217 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий