• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаардагы балдардын психонервологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, балдарга жаңы жылдык белектерин тапшырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Балдарга белек берүү менен бирге алардын маанайын көтөрүү үчүн оюн-зоок, "Ариет" балдар чыгармачылык борбору тарабынан концерттик программа уюштурулган. Аны менен бирге аталган мекемеде тарбияланган балдар да өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашкан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы психонервологиялык социалдык стационардык мекемесинде 100гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий