• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркияда автобус жол кырсыгына учурап, кеминде 23 адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Түркиянын Кайсери шаарындагы жол кырсыгында кеминде 23 адам жабыркады. Бул тууралуу Түркиянын Cumhuriyet гезити жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн түнүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:00дө Кайсери шаарында болгон. Жүргүнчүлөрдү ташыган автобус Ван шаарынан Кайсери шаарына бара жатканда жолдун тайгактыгынан улам айдоочу унааны башкара албай калган. Жыйынтыгында автобус оодарылып кеткен.

Жабыр тарткандар жакынкы ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий