• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет

Аймак 0


Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясы жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 25-ноябрь күнү Whatsapp мессенджери аркылуу дайынсыз болуп жаткан кыздын ички органдары жок табылды жана Сузак районундагы мектептерден окуучу балдар жоголуп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматтар таратылган.

Милициядан белгилешкендей, бул үн жазуулар жалган жана аты аталган мектептерде окуучулар жоголгон эмес.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы облус тургундарын такталбаган маалыматтарды бөлүшпөөгө жана таратпоого чакырат. Жалган маалымат тараткан жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Мыйзамдарды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий