• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ак-Талаа районунда 275 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Абдраимов атындагы орто мектептин 2 корпусу жараксыз абалга келгендиктен республикалык бюджетке киргизилип, 2017-жылдын октябрь айында курулуш иши башталган. Мамлекет тарабынан 67 млн сомго 275 орундуу заманбап типтүү имарат курулуп бүттү.

Курулуш ишин "Мерибелл текстиль иншаат" курулуш компаниясы жүргүздү.

Мектептин ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мурадил Сыдыков, коомдук ишмерлер - Ишенбек Медетбеков, Семетей Черикбаев, Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров, Нарын облустук билим берүү округунун башчысы Касымбек Мамытов, КР Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сүйүнбек Бекмамбетов жана айыл тургундары, А.Абдраимовдун урпактары катышты.

Иш-чарага катышкан облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев быйылкы жыл Нарын облусунда жакшы саамалыктар менен башталганын белгилеп, ачылган билим уясы акжолтой болуусун, ушул мектептен Кыргызстандын намысына жараган улуу инсандар өсүп чыгуусун тилек кылды. Ошондой эле быйыл мамлекет тарабынан ар бир райондо 4-5тен социалдык объектиге каражат берилерин, мындай ачылыштар башка аймактарда да болорун маалымдады.

Белгилей кетсек, 18-февралда Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында А.Идинов атындагы мектептин 225 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий