• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта бажычылар наркы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оперативдүү бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Д.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.

Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт.

Бул факт МБКнын Оперативдүү бажысынын МЭЖ АМСке катталган, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.

Пикир

Оставить комментарий