• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасынын кошумча корпусунун курулушу 47% бүткѳрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасынын кошумча корпусунун курулуш иштери 47% бүткѳрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукананын кошумча корпусунун курулушу 2019-жылы башталган. Объекттин долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген. Курулуш жумуштары республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча жүргүзүлүүдө. Финансы министрлиги тарабынан объектке жапысынан 50 млн сом каржыланды.

Учурда объекттин подряддык уюму тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп жер төлөөнүн пайдубалы, колонналары, ригелдери, сырткы дубалдары, ички тосмолору орнотулуп, полдор бетондолду.

“1-2-кабаттын сырткы дубалдары, колонналары, калка тосмолору, ички тосмолору орнотулду, электрмонтаждоо жумуштары аягына чыкты, полдору бетондолду, терезелери коюлду. Ошондой эле, дубалдын шыбак жумуштары аткарылып жатат. Имараттын чатыры жабылып, учурда сырткы жылуулоо жумуштары жасалууда жана откананын дубалдарын тургузуу, сырткы канализациясы жасалууда. Имараттын жалпы аянты 2975,6 чарчы метрди түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Объектиде 45 жумушчу иш алып барууда. Имараттын курулуш иштерин бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландалган.

Пикир

Оставить комментарий