• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы бир катар бөлүмдөрдү кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.23 /Кабар/. Күн мурун, 4-январда Жалал-Абад облустук милициясынын башчысы Жеңишбек Абитов Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кызматкерлердин форма кийүүсү, сырткы келбети, коомдук коопсуздук кызматынын иш алып баруусу жөнүндө сөз болду. Кызматтык тартипти бекем сактоо, спирт ичимдигин ичүүдөн алыс болуу, кылмыш иштерин жашырбоо, катталган кылмыштардын бетин ачуу керектиги белгиленди.

Кызматкерлердин кесиптик жана спорттук чеберчилигин жогорулатуу боюнча окууларды үзгүлтүксүз уюштуруу, эмгек кодексинде көрсөтүлгөн нормаларды сактоо, өз убагында жумушка келип-кетүү талабы коюлду.

Милицияныни көчмө кабылдама унаасынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алып, мыйзам чегинде чечимдерди кабыл алуу керектиги айтылды.

Участкалык инспекторлор, балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери мектептерден жумуштарын баштап, эл менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине өздүк курамга шарт түзүү, милиция имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, кызматкерлердин иштөөсүн ар дайым көзөмөлгө алуу тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий