• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун Орке айылындагы мектептин курулушу 75 пайызга даяр болуп калды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Ош облусунун Орке айылындагы Ч.Түлөбердиев атындагы № 34 мектептин курулушу 75 пайызга даяр болуп калды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган билим берүү объектисинин курулуш иштери 2020-жылдын башында башталган.

Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу боюнча иштер, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жумуштары менен тышкы келбети жана абаттуулугу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 14 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Анын долбоордук кубаттуулугу боюнча 375 окуучулук орунга эсептелген объекттин наркысы 986 миң 750 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 542 миң 712 АКШ доллары каржылады.

Мектептин курулушун жаңы окуу жылына чейин бүткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий