• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү үчүн “Жалпы артыкчылыктар тутуму” программасын колдонууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу карым-катнашын чыңдоо жана ошондой эле кыргызстандык ишкерлерге мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында АКШнын “Жалпы артыкчылыктар тутуму” (General System of Preferences”) программасын колдонууну тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган программанын (“Жалпы артыкчылыктар тутуму”) алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпысы 5000ге чейин ар кандай товарларды эч кандай бажы төлөмү жок АКШга экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешүүчү сапаттуу айыл-чарба товарларын (кыргыз тоо балы, чычырканак кошулмалуу суусундук, кара өрүк, жер жаңгак жана топоз өңдүү башка жандыктардын эттери, форель ж.б.) АКШга экспорттого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Азыркы учурда кыргыз ишкерлеринин АКШнын аталган программасын толук колдонуусу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүп берүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш башталды.

Пикир

Оставить комментарий