• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук сотунун судьяларын дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол коюлду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна дайындоого 5 талапкер боюнча сунуштар киргизилген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

2018-жылдын 13-мартында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна 3 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы жогоруда аталган соттун судьялыгына 2 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына талапкерлер жана Жалал-Абад облустук сотунун айрым судьялары боюнча үч Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан 9 судьясы кызматынан бошотулуп, ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-мартынан тартып токтотулду.

Экинчи Жарлык менен 3 талапкер - Абдраимов Азамат Жармаматович, Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич, Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалды.

Үчүнчү Жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий