• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 7 жаран “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан 20-23-декабрь күндөрү “Экстремист” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында облус аймагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында милициянын профилактикалык каттоосунда турган 7 атуул Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Алардын ичинен 6 жаран Ноокен районунун 1 жаран Кара-Көл шаарынын тургундары. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтып, жарандарды ар кандай уюмдарга азгырылбоого чакырышты.

Иш-чара учурунда ЭММКАК багытында 5 факт аныкталып, 22 кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле жыл башынан бери жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында 18 адам каттоодон чыгарылган.

Мындан сырткары, ушул мезгилге чейин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан экстремизмдин жана терроризмдин кесепеттери жөнүндө 628 жолу семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул жыйындарга укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, коомчулук катышкан.

Пикир

Оставить комментарий