• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык милициясы уюлдук телефон жана акча тоногондорду кармады

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы уюлдук телефон жана акча тоногондорду кармады, деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Маалым болгондой, 2022-жылдын 19-январь күнү таңкы саат 4:45 чамасында Жалал-Абад ШИИБдин 102 номерине Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери чалып, 1978-жылы туулган А.А. аттуу жаран денесинен жараат алып, ооруканага келип түшкөндүгүн билдирген.

Аталган маалымат Жалал-Абад шаардык милициясына каттоого алынып, алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө, жабырлануучу А.А. 18-январь күнү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде шериктери менен спирт ичимдигин ичишкендигин, ал жерден чыккан соң чогуу отурган балдар уруп 20 миң сом акчасын жана 8 миң сомдук уюлдук телефонун алып коюшкандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранып арыз менен кайрылган.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБге КРнын Кылмыш-жаза кодексинини 206-беренеси ("Тоноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, А.А.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектелип Сузак районунун тургундары 1981-жылы туулган А.С. жана 1988-жылы туулган А.Э. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, аталган иш боюнча тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий