• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 125 орундуу балдар бакчасы капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 125 орундуу балдар бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусундагы №27 “Шүүдүрүм” балдар бакчасы толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Курулуштун жүрүшү менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган тийиштүү мекеме-ишканлардын жетекчилери таанышып, айрым кемчиликтерин жоюу тапшырмасы берилди.

Аталган бала бакчаны жаңыртуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн 150 миң сом сарпталууда.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, балдар бакчасы ушул жылдын ноябрында пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий