• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 9 жаранга "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 6-декабрда Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан 9 жаранга “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, наамдар Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө көп жылдар бою салым кошкон жана мамлекеттик жогорку сыйлыктары бар түрдүү тармактарда эмгектенип, эл үчүн кызмат кылган инсандарга жыл сайын берилип келет.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жарандарга төш белги жана күбөлүктөрдү шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар тапшырды.

Алар төмөнкүлөр:

1. Абдыкадыров Алыкан - Кыргыз Республикасынын электр тармагына салым кошкон ишкер, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары;

2. Бегматов Анарбай Турдубаевич - Кыргыз ССРнин элге билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги.

3. Бекматов Кубанычбек Алимжанович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ардагери;

4. Бердалиев Рыскулбек - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика отун ресурстарынын мыкты кызматкери;

5. Маатжакыпов Акматбек Кимсанович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын отличниги, Баткен согушунун ардагери;

6. Нурматов Саитбек Абазович - Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги;

7. Өмүралиев Абдимажит Абакирович- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери;

8. Токоев Сапарбек Исабекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги;

9. Юсуфжанова Толганой Исакжановна - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Белгилей кетсек, 60 жаштан жогорку “ Ардактуу атуул” наамы барларга жергиликтүү бийлик жылына бир жолу “Карыялар күнүнө” карата миң сомдон акчалай белек берип турууну жана калаада туруктуу жашап жаткан ардактуу атуулдардын үйлөрүнө аты-жөнү жазылган тактайчаларды илдирүүнү колго алышкан.

Жалал-Абад шаарында буга чейин 211 инсанга “Ардактуу атуул” наамы берилген.

Пикир

Оставить комментарий