• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда саат 13:14тө ӨКМдин куткаруучулары Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №77 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий